Жаңылыктар
Кыргыз радиосуна - 85 жыл
Маданият
Кыргыз радиосуна - 85 жыл

“Кылым карыткан кыргыз радиосу”. Мына ушундай аталышта Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада китеп-сүрөт көргөзмө ачылды. Бул иш-чара кыргыз радиосунун 85 жылдык мааракесине арналды. Көргөзмөгө - Кыргыз радиосунун тарыхын чагылдырган китептер, макалалар жана мурда кийин иштеп кеткен чыгармачыл жамааттын сүрөттөрү орун алган. Бир кылымга жакын өмүр сүргөн Кыргыз радиосу менен таанышууну каалагандар үчүн улуттук китепкананын эшиги ачык. Ошондой эле, Кыргыз радиосунун ардагерлери, учурдагы кызматкерлери, угармандар жана коомдук ишмерлердин катышуусундагы жыйында - Кыргыз радиосунун калыптануусу жана азыркы ишмердүүлүгү тууралуу кеп болду.

Кыргыз радиосу 1931-жылы түптөлгөн. Ушул жылдар аралыгында кыргыз радиосунда өзгөрүүлөр, өсүүлөр болду. Учурда КТРКнын Кыргыз радиосунда - Биринчи радио, Миң кыял, Достук жана Балдар радиосу сыяктуу беш станция иштейт. 

Кошумчалай кетсек, Кылымга тете тарыхы бар улуттук радио жаңырган ХХI кылымда жаңыча жүзгө ээ болду. Анткени, мурун Кыргыз радиосунун алтын казынасындагы уктуруулардын баары магниттик тасмаларга сакталып келген болсо, жаңырган кылымдан баштап атайын дисктерге көчүрүлө баштады.