Жаңылыктар
Эттин баасын ким көзөмөлдөйт?
Кыргызстан жаңылыктары
Эттин баасын ким көзөмөлдөйт?

Базарда эттин баасы күн санап өсүүдө. Жалал-Абад шаарындагы эт сатуу жайларында уйдун эти 360 сомго жетти. Санаага баткан сатып алуучулар нарктын көтөрүлүп жатканы капчыкка кыйла сокку болуп жатканын айтышууда. Ал эми монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү базардагы баадан кабары жок болуп чыкты. Эттин баасы эмнеге көтөрүлүп жатат? Себеби эмнеде жана эт наркын ким көзөлдөйт?

Бул жер Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын эт саткан бөлүгү. Көрүнүп тургандай кардарлардын саны кыйла аз. Анткени акыркы күндөрү эттин баасы 20-30 сомго кымбаттап кеткен. Бул сөзсүз капчыкка сокку болоору турган кеп.

Базардагы эттин баасы эмне себептен өсүп жатканын билүү үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнө кайрылдык. Агенттиктин жетекчиси базарда эттин баасы 330-340 сом деп ишендирди. Бирок Мойдунов мырза айткан баа менен базар баасында кыйла айырма бар экенин бизден уккан жетекчи, мониторинг жүргүзүп келген кызматкерлеринин ишин тактады.

Базардагы анык бааны аныктоо үчүн агенттиктин кызматкерлери биз менен чогуу жерине барышты. Катарынан тизилген касапканалардын баары ушул бааны айтты. Андыктан эт наркы чындап эле кымбаттаганын агенттиктин өкүлдөрү жеринен билишти. Ал тургай, эттин баасы да жазылып, көрсөтүлгөн эмес.
Сатуучу каалагандай баа коюп сата турган болсо, жок дегенде так бааны аныктап туруу кимдин жоопкерчилигинде деген суроо туулат. Ал эми алып сатаарлар сойгон малдын баасы кымбаттагандыктан, эттин баасы да көтөрүлүп жатканын айтышат. Буга себеп, эт багытындагы мал дээрлик чет жакка экпорттолгондугунда деп түшүндүрүштү.

Ал эми монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөрү этке болгон бааны көзөмөлгө алуу үчүн өкмөттүн токтому чыгыш керек дешет. Бирок ал токтом баа 1 ай ичинде 20 пайыздан жогору көтөрүлсө гана чыгат. Азырынча бул көрсөткүч 3 пайызды гана түзөт.