Жаңылыктар
Кыргызстан - Түркия кызматташтыгы бекемделүүдө
Саясат
Кыргызстан - Түркия кызматташтыгы бекемделүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун Башкы прокурору Мехмет Акарджаны кабыл алды.

Жолугушууда эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенишүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 17-жыйыны ийгиликтүү өткөндүгүн канааттануу менен белгиледи.

Кыргызстан үчүн Түркия маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп саналарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент жыл ичинде түрдүү деңгээлдеги бир катар кыргыз-түрк жолугушуулары жана сүйлөшүүлөрү өткөндүгүн эске салды. Мамлекет башчы мындан ары дагы түрк тарап менен кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жана экономиканын реалдуу сектору менен байланышкан маселелердин маанилүүлүгүнө токтолду.

Түркия Республикасынын Жогорку кассациялык сотунун Башкы прокурору Мехмет Акарджа мамлекет башчысына жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Түркиянын Жогорку Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентопанын саламын жеткирди.