Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Багдад Амреевди кабыл алды
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Багдад Амреевди кабыл алды

POST1RIGHT

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды.

Ал Кыргызстандын Түрк кеңешиндеги төрагалыгынын жыйынтыктары, Катчылыктын 2019-жылдын 14-15-октябрында Азербайжанда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Саммитине даярдык тууралуу маалымат берди. Президент Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешин түзүү жөнүндө Нахичеван макулдашуусуна кол коюлгандыгынын 10 жылдыгы бүгүн экенин жана дал ушул күнү жолугушуунун символикалуулугун баса белгиледи.

Багдад Амреев Кыргызстандын төрагалыгы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин тарыхында эң ийгиликтүү болгонун белгиледи.

Кыргызстандын төрагалыгы мезгилинде Венгрия байкоочу макамына ээ болуп, Өзбекстан Уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Ошол эле учурда Венгриянын борбору Будапештте Түрк кеңешинин Европалык Өкүлчүлүгү ачылды. Мындан тышкары, Түрк кеңеши түзүлгөндөн кийинки 10 жыл аралыгында 55 иш-чара, анын ичинен 15и - Кыргызстандын төрагалыгында өткөндүгү белгиледи.

Багдад Амреев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин азыркы Төрагасы - Кыргызстандын Президентинин тапшырмасы менен Катчылык экономикалык тармакта институционалдаштыруу кызматташтыгы боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатканына көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк кеңешине Өзбекстандын мүчөлүгү, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Будапешт шаарында Түрк кеңешинин Европалык өкүлчүлүгүнүн ачылышы тарыхый мааниге ээ экендигин белгиледи.