Жаңылыктар
Өкмөт мектептеги ата-энелер фондун жоюу ниетинде
Билим
Өкмөт мектептеги ата-энелер фондун жоюу ниетинде

Өкмөт 2023-жылга чейин ата-энелер фондун жоюу ниетинде. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мындай фонддордун иши таза эмес экенин айтып, каражат топтоого мугалимдер менен мектеп жетекчилери аралашпоосу керектигин билдирди. 

Мектептердеги абал туурасында өткөн тегерек столго Жогорку Кенештин, Өкмөттүн, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышып, бул багыттагы ойлорун ортого салышты.