Жаңылыктар
Бишкекте мыкты мугалим тандалды
Билим
Бишкекте мыкты мугалим тандалды

"Жүрөгүм менин балдарда - 2019" кароо-сынагынын жыйынтыгында "Мыкты мугалим", "Мыкты мектеп", "Мыкты класс жетекчи", "Мыкты класстык бөлмө" сыяктуу аталыштар боюнча алдыңкылар тандалды. Байгелүү орундарды алган мугалимдерге 50 миңден 70 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар каралды. Ал эми мыкты окуу жайларга интерактивдүү такта жана планшеттер берилди. 

Борбор калаанын мэри Азиз Суракматов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, агартуучулардын абалын жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.