Жаңылыктар
Бишкектин Маданият конушуна көгүлтүр от бериле баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин Маданият конушуна көгүлтүр от бериле баштайт

Бишкектин Маданият конушуна көгүлтүр от бериле баштайт. Андагы жүзгө жакын үйгө газ түтүктөрү тартылды. Учурда өлкөнүн 30 пайызы газдаштырылган. Жакынкы 10 жылда аны 60 пайызга жеткирүү максат кылынууда.

Үйүнө газ жеткирилип жаткан тургундардын арасында Руслан Жусупбеков да бар. Атайын уюштурулган салтанатта көп убакытка жете турган көгүлтүр от үчүн тастыктамага ээ болду.

Конушка көгүлтүр от жеткирүү үчүн 1 жарым чакырымдан ашык газ түтүктөрү орнотулду. Бишкектин бардык бөлүгү сыяктуу эле Биринчи май районунда да газдаштыруу иши жүрүп жатат.

Өлкөдө “Газпром” компаниясы иш алып бара баштаган 2014-жылдан тартып бир катар газ бөлүштүрүүчү станциялар курулуп, 700 чакырымдан ашык куур тартылды.

Алдыңкы 10 жылдыкка коюлуп жаткан натыйжага ээ болуу үчүн 100 миллиард сом керектелет. Бул убакыт аралыгында көгүлтүр от жеткирилген абоненттер 800 миңден ашат деп күтүлүүдө.