Жаңылыктар
Өзгөндүк жеке ишкер айылына бала бакча куруп берди
Аймак
Өзгөндүк жеке ишкер айылына бала бакча куруп берди

Өзгөндүк жеке ишкер өзү жашаган айылына 150 орундуу бала бакча куруп берди. 25 сотых жер аянттагы бакчанын имараты мамлекеттин карамагында болот. Бирок, бакчадагы 27 кызматкердин эмгек акысы азырынча чечиле элек.

Өзгөндүн Прогресс айылында 150 орундуу бала бакча иштеп баштады. Элет муктаждыгын чечүүдө жергиликтүү ишкер жардамга келген. Айылга биринчи ирет ачылган муниципалдык шарттагы бакча, жергиликтүү бийликтин карамагына узак мөөнөткө, акысыз өткөрүлүп берилди.

Бакчага жергиликтүү 27 тургун жумушка кабыл алынды. Басымдуу курамы жогорку билимдүүлөр. Артыкчылык дипломдун ээси экенине карабай, көптөн бери үйдө отурган Бактыкан, алгачкы эмгек жолун тарбиячылыктан баштады. Бакча заманбап шартта курулган. Жеткинчектер үчүн зарыл болгон шарттын баары эске алынган. 

Жалпы аянты 25 сотык жерди ээлейт.  Жаңы бакчанын түшүшү менен, аталган айылга чыныгы өнүгүү келгенин элеттиктер билдирет. 1996-жылы айыл болуп түптөлгөн Прогресс айылында буга чейин бир да бакча болгон эмес. Айылда 700гө чукул кожолук же, 2,5 миңдей эл жашайт. Бирок, бакча кызматкерлери алгачкы эмгек маяналарын алыша элек. Айтымдарында, документ иштери аягына чыга элек.

11 миңдей эл жашаган Жылалды айыл өкмөтүндө азыркы тапта, 2 гана бала бакча иштейт. Ал эми Өзгөн районунда алардын саны 61. Балдардын бакча менен камсыздалуусу райондо 28 пайызды түзөт.