Октябрь айынын алгачкы жекшембиси Кыргызстанда Агартуу кызматкерлеринин күнү катары белгиленет.
“Мугалим жана тажрыйбалуу билим кызматкерлеринин күнү” 100дөн ашык өлкөдө өткөрүлүп келет. Бул ар түрдүү деңгээлдеги сапаттуу билим берүүдө, ошондой эле коомчулукка зор салым кошкон мугалимдердин, окутуучулардын, билим чөйрөсүндө кызмат өтөгөн бардык кызматкерлердин майрамы болуп саналат.