Жаңылыктар
Чүйдөгү чокулардын бирине Усубалиевдин атын ыйгаруу маселеси каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдөгү чокулардын бирине Усубалиевдин атын ыйгаруу маселеси каралууда

Чүй облусундагы чокулардын бирине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтты. 

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Турдакун Усубалиевдин жүз жылдык маарекесине арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда. Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү жөнүндө жарлыкка 4-февралда кол койгон.