Төртүнчү ирет Бишкекте болуп өткөн “Евразия жумалыгы” эл аралык форумунун жыйынтыгы жана мааниси талкууланды. Тегерек столду “Пикир” аймактык эксперттер клубу уюштурган. Иш-чарада Кыргызстандын ЕАЭБги орду, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жолдору жана башка маселелер ортого салынып, сүйлөшүлдү. Серепчилер эл аралык форум бизнес-коомчулук, мамлекеттик органдан жана эксперттерди бириктирип, эркин пикир алышчу аянтчага айланганын белгилешти.
Эске салсак, 25-27-сентябрь күндөрү ЕАЭБдин алкагында форум өтүп, анда ишкердикти өнүктүрүү, өз ара алакасын бекемдөө, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, мамлекеттик органдардын ишкерлерге шарт түзүү маселелери талкууланган.
"Буга чейин болуп өткөн форумдарда ар кыл маселе талкууланчу. Бул ирет Бишкектеги форумда экономикага басым жасалды", - дейт саясат таануучу Шерадил Бактыгулов.