Жаңылыктар
Атамбаев менен Жолдубаевага айып тагылды
Кылмыш
Атамбаев менен Жолдубаевага айып тагылды

«Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин абактан чыгарылып, өлкөдөн чыгып кетиши боюнча кылмыш иштин материалдары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, тергөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Тергөө кызматы мурунку президент Алмазбек Атамбаевге Жазык кодексиндеги 43-берененин 2-бөлүмү жана 319-берененин 2-бөлүмү (уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу уюмдун кызыкчылыгында жасалган коррупция) боюнча шектелип жатканы билдирилди.

«2-октябрда А.Атамбаевге, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага, ЖАМКтын мурунку башчысынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге, Гематология борборунун башчысы Абдухалим Раимжановго айыптоочу акт тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.