Жаңылыктар
Өлкөдө буудайдын айдоо аянты 120 миң гектарга кыскарды
Айыл чарба
Өлкөдө буудайдын айдоо аянты 120 миң гектарга кыскарды

Кыргызстанда соңку үч жылда буудайдын айдоо аянты 120 миң гектарга кыскарды. Бул тууралуу Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр бирикмесинин башчысы Рустам Жунушев "Айыл чарба азыктарынын экспорту жана азык-түлүк коопсуздугуна" арналган форумда билдирди. Айтымында ун өндүрүү тармагында чечилбей келген көйгөйлөр бар. Алгач жергиликтүү тегирменчилер мамлекеттин жардамына муктаж.

Азыркы кезде Кыргызстандын ун өндүрүү тармагында татаал кырдаал жаралды. Айрым майда тегирмендердин жумушу таптакыр токтоп калса, ири өндүрүүчүлөрдүн иши 2-3 эсеге кыскарды.
Стендап: Бишкек ун комбинатында мурда 100 адам иштеген болсо, азыр андан 30-40 адам кеткен. Адистердин көбү кетип, анын ордун толтуруу көйгөйү жаралды. Анын үстүно өлкодө ун өндүрүш боюнча кадрлар даярдалбайт.

Комбинат жергиликтүү буудайды сатып алганы менен сырттан келген буудайга да көз каранды. Үч жыл мурда экспорттолгон буудайга салык салынып, ташылган ундан салык алынган. Буга байланыштуу жергиликтүү ундун ордуна казакстандын уну басымдуу болуп калган.

Жергиликтүү ундун азайышы менен буудайдын айдоо аянттары дагы кыскарды. Эксперттердин айтымында соңку үч жылда буудай аянты 120 миң гектарга азайган. Жергиликтүү ундун көлөмүн жогорулатуу маселеси Бишкекте өткөн “Айыл чарба азыктарын экспорттоо жана азык-түлүк коопсуздугу” форумунда кызуу талкууга алынды.

Кошуна Өзбекстан сырттан кирген буудайга салыкты алып салып, импорттолгон унга салыкты калтырган. Натыйжада өзбек ун өндүрүүчүлөрдүн иши алдыга жылды. Кыргызстандык ун өндүрүүчүлөр да бул тажрыйбаны колдонууну сунушташты.

Мамлекет азырынча бул маселе боюнча бир чечимге келе элек. Буга чейин жергиликтүү ишкерлердин сунушу менен ташылып келинген ун салыктан бошотулуп, 1 млрд сом бюджеттик кирешеден кол жууган.

Айыл чарба министрлиги жергиликтүү ундун келечеги чоң экенин айтат. Кытай кыргыз унун сатууга жол ачып, жергиликтүү фермерлерди буудайдын аянтын көбөйтүүгө чакырып өттү. Бирок сапаттуу унду чыгарууда сөзсүз түрдө импорттолгон буудайдын көлөмү зарыл. Буудайга болгон салык маселесин чечүүгө мамлекеттик органдар менен бизнес-түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн тил табышуусу талап кылынат.

Жергиликтүү ун өндүрүүчүлөрдүн айтымында айыл чарбаны өнүктүрүү мамлекеттин колдоосу жок алдыга жыла албайт. Бардык өнүккөн мамлекеттерде айыр чарба өндүрүүчүлөргө атайын субсиядиялар каралат. Кыргызстандык өндүрүүчүлөр дагы мамлекеттин жеңилдиктерине муктаж.