Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна кимдердин тиешеси бар? Бул маселени эми сот териштире баштайт. Башкы көзөмөл орган Тергөө кызматы тарабынан берилген материалдарды карап бүтүп, кылмыш ишин Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Бул иштин алкагында кылмышка барган деп дарыгерлерден баштап мурунку президентке чейин бардыгы болуп 19 адам шектелүүдө.
Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин коомчулукта 6 жыл мурда түрмөдөн болуп көрбөгөндөй тездик менен чыгышы резонанс жараткан. Бирок кримтөбөл эркиндикке соодалашып чыкканын “Коммерсант” басылмасы жазып чыккан.
Эми баарын ирети менен тизмектесек. Азиз Батукаев деген ким? Ал кандай адам болгон жана эмнеге анын мыйзамсыз эркиндикке чыгышы жалаң коррупциялык схемага чырмалышкан деп айтылып келет!?
Батукаевдин ысымы коомчулукта 90чу жылдары баш көтөргөн криминалдык чөйрөдө угулган. Ал мыйзамдагы ууру кадыр-баркка жетээрден мурда “Ээнбаштык” беренеси менен соттолуп, барган сайын ага тагылган айыптар олуттуу боло баштаган.
80чи жылдардын ортосунда өлүмгө чейин учураткан денеге оор залал келтирүү жана зордуктоо фактылары менен 13 жылга эркинен ажыратылган.
Туура 10 жылдан кийин , 95чи жылы опузалоо, мыйзамсыз курал жана ок-дары, наркотикалык заттарды сактоо боюнча 8 жылга соттолгон.
2000чи жылдардын башында Азиз Батукаев денеге зыян келтирүү жана мыйзамсыз курак-ок-дары сактоо боюнча 4 жылга абакка кесилген.
Ал эми 2006-жылы маң заттарды сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, аларды даярдоо жана оңдоо беренелери менен айыпталган. Ошондой эле, адам өлүмүн алып келген башаламандыкты уюштуруу айыбы тагылып, 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылган. Батукаев түрмөдөн 2021-жылдын орто ченинде чыкмак.
2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан Азиз Батукаев азыр куландан соо экени айтылып келет. Ага байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган. Эми иштин чоо-жайын сот териштире баштайт. Шектелип жаткандарга кандай берене боюнча айыпталып жатканы тууралуу билдирме берилген.
Кримтөбөлдүн мыйзамсыз түрмөдөн чыгарылышы жана анын өлкөдөн чыгып кетишин парламент саясий көмүскө бүтүм деген тыянакка келген. Эл өкүлдөрү саясий чечим жок жана алдын ала сүйлөшүүсүз мындай атайын операцияны ишке ашыруу мүмкүн эмес деп эсептейт. Атамбаевдин катышы бар ыктымалдыгы анын “экс” деген макамын жана кол тийбестигин алууга түрткү болгон.