Жаңылыктар
Оштун бир катар айылдарына ичүүчү таза суу жетти
Аймак
Оштун бир катар айылдарына ичүүчү таза суу жетти

Оштун Ноокат районунун Борко, Көтөрмө, Ак-Булак жана Кыргыз-Ата айылдарына ичүүчү таза суу жетти. 71 чакырымга суу кууру тартылып, төрт айылдын элинин 82 пайызынын үй ичтерине суу түтүктөрү киргизилди. Объектинин расмий ачылышына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. 20 миңдей эл жашаган аймактын тургундары бул күндү 30 жыл күткөн. Тоолуктарга суу жеткирүү аракети 241 млн. сомго бааланды. 

АРИС тарабынан жүргүзүлгөн долбоорго Дүйнөлүк банктан 189 млн. сом, кыргыз өкмөтүнөн 53 млн. сом бөлүнгөн. Аймакка таза суунун тартылышы менен жаңы жумушчу орундары да ачылды. Айыл өкмөттүн жеке “Кыргыз-Ата Булагы ” муниципалдык ишканасы түптөлүп, 17 жаран жумуш менен камсыздалды. АРИС программасы тарабынан 2020-2023-жылдары жалпысынан 117 айылга суу системасы курулат жана ишке берилээрин аталган кызматтан кабарлашты. 

Өткөн жылы 17 объект пайдаланууга берилсе, быйылкы жылга 10 курулуш каралган. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу- мамлекет башчынын артыкчылыктуу багыты экенин айткан, өкмөт башчы, бул сыяктуу калкты ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыздоо аракеттери ар тараптуу жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Өкмөт башчы Ош облусуна болгон иш-сапарынын алкагында ошондой эле, Ак-Булак айылындагы С. Токторов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш салтанатына катышты. 320 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу-2015-жылы башталган. Өкмөт башчы , иш-сапардын алкагында ошол эле айыл аймактагы жаңы асфальтталган жолдун курулушу менен да таанышты. 

Эске салсак, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Ош жана Баткен облустарында жүрөт. Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө бүгүн Ош облусундагы бир катар социалдык объекттердин ачылышына катышты.