Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы абал
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасындагы абал

Кыргызстандын Казакстан менен чектешкен аймагында 100дөй оор жүк ташуучу автоунаа топтолуп калганын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

Унаалардын чогулуп калганы Чүй облусундагы "Актилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда байкалган. Чек ара кызматынан белгилешкендей, казак тарап 4-5 оор жүк ташуучу унааны бир сааттан карап жатат. Буга аркы тараптагы текшерүү комплекси иштебей жатканы себеп. Жеңил унаалар жана жүргүнчүлөр эч кандай чектөөсү жок кирип-чыгып жатканы айтылды. Кыргыз тарап дагы ашыкча текшерүүсүз өткөрүп жатат. Алар унаалардан баңги зат, курал-жарак, ок-дары жана жарылуучу заттарды гана издөөдө.

Казакстан менен чектешкен аймактагы башка өткөрүү пункттарында кезек жок экендиги кошумчаланды.