Жаңылыктар
Баткенде соцшаарча пайдаланууга берилди
Аймак
Баткенде соцшаарча пайдаланууга берилди

Баткен шаарында мындан үч жарым ай мурда курулуп баштаган социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттө салынып бүткөн шаарчанын ачылышына каржылык колдоону Кувейт мамлекети көрсөткөн. 

Облус башчылыгынан билдиришкендей, социалдык шаарча 25 турак үйдөн туруп, ар бир үйдө төрттөн батир бар. Батирлерде жашоо үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлүп, эмерек менен камсыздалган. Шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, футболдук аянтча жана мечит салынган. 

Ошондой эле таза суу тартылып, ар бир үй суу менен камсыз болгон. Аталган объект турак жайы жок балалуу аялдарга кайтарымсыз берилди.