Жаңылыктар
Баңгизатын жасап жүргөндөр кармалды
Кылмыш
Баңгизатын жасап жүргөндөр кармалды

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы 1 тонна 446 килограмм кислота алып бара жаткан адамдарды кармады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. 

Кылмыштуу топ мындай күкүрт кислоталарынан ири өлчөмдө баңгизат жасап жүргөнү айтылат. Табылган товарлардын жана аны ташып бараткан жарандардын сүрөтү аталган кызматтын Instagram баракчасына жарыяланды. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.