Жаңылыктар
Билим берүү кызматкерлеринин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди
Билим
Билим берүү кызматкерлеринин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди

Билим берүү кызматкерлеринин бүткүл дүйнөлүк күнү жыл сайын 5-октябрда белгиленип келет. Ал эми Кыргызстанда бул кесиптик майрам октябрь айынын биринчи жекшембисине туура келет. Мугалим - коомдун күзгүсү, бүткүл ааламды кармаган улуу күч. Ал эзелтеден адамзаттын өнүгүшүнө кубаттуу кыймылдаткыч болуп келген.

Бүткүл дүйнөдө кайсы мамлекет болбосун, билим берүү тармагы, аны реформалоо, замандын талабына ылайык системалуу өзгөртүү, жакшыртуу - бул бирден бир башкы максаттардан. Кыргызстанда да билим берүү системасынын абалын жакшыртуу абдан орчундуу жана маанилүү. Жаш муунга сапаттуу билим берүү өлкөнүн келечегине жигердүү салым кошконго барабар.

Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүүнү өкмөт алдына артыкчылыктуу милдет катары койгон. Өкмөт бул милдетти аткаруу алдында. Мугалимдердин айлыгы 1-октябрдан тарта 30 пайызга көтөрүлдү. Жумасына 20 саат иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алса, эми анын маянасы 18 миң сомго чейин көтөрүлөт. Айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 120 миңге жакын адиске тиешелүү. Келечек ээлерин татыктуу тарбиялоо үчүн эл агартуучуларга бардык тиешелүү шарттар түзүлүшү абзел. Коомдо мугалимдин орду жогору бааланышы керектигин баса белгилеген Назгүл Мусаева, түйшүктүү жана жооптуу кесиптин ээлери жаш муунду тарбиялоодо бар энергиясын, күчүн жумшап келишээрин айтат.
Өлкө билимдүү, демилгелүү жана өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүүгө кызыкдар. Буга ата-эне менен бирге мугалим да күч-аракетин жумшайт. Ал эми мугалимдердин укугун коргоп, социалдык абалын жакшыртуу, алардын кесиптик жактан өсүшүнө өбөлгө болот.