Жаңылыктар
Батукаевдин ишиндеги үрөй учурган окуя - Т.Акматбаевдин өлтүрүлүшү
Кылмыш
Батукаевдин ишиндеги үрөй учурган окуя - Т.Акматбаевдин өлтүрүлүшү

Кыргызда айтылган “кыңыр иш кырк жылда билинет”-деген учкул кеп заман агымына жараша жаңы түс алгандай болду. Анткени азыркы маалымат кылымында мындай кыңыр иштер көпкө сакталбай бат эле билинип калаары айгине болду. Кечээ эле жымсалдап, керектүү материалдарды ыңгайлаштырып жасап, өлкө аймагынан аман-эсен чыгарылып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин артынан экс-президенти баш болуп жогорку кызмат адамдары бүгүн темир тор артында отурушат. 

Өтүп бараткан жумада Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин тергөө жыйынтыкталып, 451 томдон турган кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул иш боюнча 19 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Улуттук Коопсуздук кызматынын экс-жетекчилеринин бири Бусурманкул Табалдиев изин таптырбай жүргөндүгүнө байланыштуу Интерпол аркылуу издөө жарыяланган. Кылмыш ишинде прокуратура, сот, медицина кызматкерлеринен тартып өлкөнүн экс-президенти да бар.