Евразиялык экономикалык кызматташтык уюмунун алкагы кеңейип баратат. Негизи бул уюмдун ишмердигине илгерки Улуу Жибек Жолундагы эзелки соода карым-катнашын жандандыруунун жаңы ыкмасы катары карасак аша чапкандык болбос. Бүтүндөй бир континентти кучагына алган бул экономикалык биримдиктин тамыры кенен жайылып, арымы алыс узачудай божомолдор Эл аралык эксперттердин пикиринде.
Эгерде өткөн жылдарга саресеп салып көрсөк 2017-жылы Евразия экономикалык уюму менен Иран мамлекетинин ортосундагы соода айлантуу 2,7 миллиард долларды түзсө, өткөн жылы Кытай мамлекети менен болгон соода жүгүртүүнүн көлөмү 100 миллиард долларга чыккан. Негизинен Евразия экономикалык уюмунун курамындагы мамлекеттер айыл-чарба сырьелору, минерал заттары жана азык-түлүктөр менен коңшу мамлекеттердин рынокторуна чыгып келишет. Экспорттун көлөмү 40 пайызды түзүп, келечекте бул чек эмес экендигин экономикалык эксперттер белгилешет. Жума ичинде мамлекет башчылардын катышуусундагы Жогорку Евразиялык кеңештин кезектеги саммити Армениянын борбору Ереван шаарында өттү.
Тар чөйрөдөгү жана кеңейтилген курамдагы жолугушууларда Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара пайдалуу келишимдер талкууланды. Башкы басым интеграцияны мындан ары да тереңдетүү чараларына жасалып, бул багыттагы бир катар документтерге кол коюулар болду. “Евразия континентинин транзиттик мүмкүнчүлүгү” аталышындагы Эл аралык форум саммиттин негизги өзөгүн түздү. Ал эми Сингапур мамлекети менен Евразиялык экономикалык Биримдиктин ортосундагы эркин соода жүгүртүү боюнча макулдашууга кол коюулар өнүккөн мамлекеттердин бул уюмга кызыгуусу артып, соода жүгүртүү мейкиндиги кеңейип жатканынан кабар берет.