Жаңылыктар
Сапаттуу мугалим - сапаттуу билим алуунун кепили
Билим
Сапаттуу мугалим - сапаттуу билим алуунун кепили

Мамлекеттин келечеги жаш жеткинчектердин билим алуусун камкордукка алганына жараша аныкталат эмеспи. Жалпы калкынын 9 пайызы билим берүү тармагында эмгектенген Кыргызстанда агартуу тармагы алдыга озуп чыкпаса да өтө эле артта калган деп айтышка болбойт. Эгерде статистикага таянсак жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин 87 пайызы жогорку билимдүү экен. Ал эми ар бир мугалимге орточо 16 окуучудан туура келет. 

Биз бала кезде айылдын эң ардактуу инсандары мугалимдер болоор эле. Ошого жараша алар дагы чоң жоопкерчиликти сезүү менен ар бир сөзү кыт куйгандай айтылып, таалим-тарбиясы менен бүтүндөй бир классты келечекке туура багыттап турчу. Бүгүнкү күндө да мугалимдерибиздин кадыр-баркын өстүрүү, сапаттуу билим берүүсүнө шарт түзүү мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынан. Мугалимдердин кесиптик мааракесинде президент учурдун талабы санарип коомду курууда мугалимдин ролуна өзгөчө басым жасады. Доор үнүнө жараша, дүйнөлүк өзгөрүүлөргө ыңгайлашкан билим берүүнү камсыз кылуу чынында эле учур талабы.