Жаңылыктар
Сүймөнкул Чокморов көзү тирүү болсо, быйыл 80 жашка чыкмак
Маданият
Сүймөнкул Чокморов көзү тирүү болсо, быйыл 80 жашка чыкмак

POST1RIGHT

Негизи кыргыз жергеси таланттарга бай. Кайсыл тармакты алып карабаңыз өзүнүн шык-жөндөмү менен эл оозуна алынып эле тим болбостон Кыргыз жүзүн ааламга таанытып жатышкан мекендештерибиз арбын. Кезегинде атактуу кинорежиссер Акира Куросава  сындуу дүйнөлүк кинематографиянын дөө-шаалары баа берип суктанган Сүймөнкул Чокморов агабыз көзү тирүү болгондо 80 жашка толмок экен. 

Эркектин ролун ар дайым мыкты аткарып келген Сүймөнкул Чокморовдун кино тармагындагы жасаган эмгектери ат көтөргүс, алган сыйлыктарынан баш айланат. Айкелин Байтик айылынын кире беришине коюуга камданып жаткан кыргыз коомчулугу 80 жылдыгын татыктуу тосуп алды.