Жаңылыктар
Биринчи чалгынчы Ажике Кутманалиевдин айкели ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи чалгынчы Ажике Кутманалиевдин айкели ачылды

Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн алдына биринчи чалгынчы Ажике Кутманалиевдин айкели ачылды. Бул иш-чара ички иштер кызматынын генерал майору Ажике Кутманалиевдин жүз жылдыгынын алкагында өткөрүлүп, үй-бүлөсү жана замандаштары катышышты. Бул күнү облус аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнө жаңыдан кирген кызматкерлер дагы ант беришти. 

Белгилей кетсек, Ажике Кутманалиев көп жылдар бою Кыргыз ССРнин Коопсуздук министри, андан соң Ички иштер министринин биринчи орун басары, Ош, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыктарынын башчысы болуп, элине ак кызматын өтөгөн. Ажике Кутманалиев советтик чалгынчы катары 1940-жылдары Синьцзяндагы улуттук боштондук күрөш учурунда көптөгөн опурталдуу тапшырмаларды аткарган. Анын өмүрү, элине кылган кызматы өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болорлук.

"Ажике Кутманалиев менен биз азыркы иштеп жаткан милиция кызматкерлери сыймыктанабыз. Анткени ал адам иштеп турган маалда Ысык-Көл облусундагы көптөгөн имараттар, ички иштер бөлүмдөрү салыныптыр.Мындан сырткары башкы башкармалык отурган имарат да ушул адамдын көзөмөлү алдында салыныптыр. Биз бул адамдын өтөгөн кызматынан өрнөк алып, көп иштерди жасасак деп атабыз. Бул адамдын элесине арналып салттуу түрдө волейбол боюнча да таймаштар өтүп жатат",- деди Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев.