Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.  

Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүчүлүк жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер, Россиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп өсүүсүнө багытталгандыгы, россия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына жана жогорку ишенимине татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты. Кыргызстан жана Россия Федерациясынын көп кылымдык достук жана бирдиктүү тарыхы мындан ары союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүк ортосун бекемдөө үчүн негиз катары кызмат кыларына терең ишенем, — деп айтылат куттуктоодо.