Жаңылыктар
Кар көчкү алдында калган чабандар аман-эсен табылды
Кырсык
Кар көчкү алдында калган чабандар аман-эсен табылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кар көчкү алдында калган чабандар аман-эсен табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 6-октябрдын кечинде Төрт-Көл айылындагы Тоң ашуусунда кар көчкү түшкөн. 

Натыйжада мал айдап келе жаткан эки чабан кар алдында калган. Алар өз аракеттери менен чыгышкан. Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 куткаруучусу, тез жардам кызматкерлери жана жергиликтүү эл барышкан. Малчылар райондук ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы канааттандыраарлык. Алардын мал жандыгы жабыркаган эмес.