Жаңылыктар
Чоң-Кемин өрөөнүндө туу көтөрүлүп, түшүм майрамы белгиленди
Аймак
Чоң-Кемин өрөөнүндө туу көтөрүлүп, түшүм майрамы белгиленди

Чоң-Кемин өрөөнүндө түшүм майрамы болуп өттү. Ага беш айылдын тургундары катышты. Түшүм майрамы эң оболу дыйканчылыктан алынган түшүмдүн үзүрүн көрүү менен байланыштуу. Чоң-Кемин айыл аймагында арпа эгилип, негизинен картошка жана айрым жерлерде жашыл буурчак өстүрүлөт. 5 айылдан турган аймакта 18 миң гектар жайыт жер, 1 миң 800 гектар айдоо аянты бар. 

Майрамга келгендерге кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт көрсөтүлүп, райондук деңгээлде көк бөрү турнири уюштурулду. Ал эми Чоң-Кеминдин борбордук стадионунун жанына кызыл туу желбиреди. Уюштуруучулардын айтымында иш-чаранын негизги максаты - баба-дыйкандарга дем берүү, мекенчил сезимди ойготуу болуп саналат.

"Кызыл туунун көтөрүлүшүнүн мааниси чоң. Элде патриоттук сезимди ойготуп, өсүп келаткан муунду өз элин, жерин сүйүүгө тарбиялайт",- деди Чоң-Кемин айыл аймагынын тургуну Нурланбек Токомбаев.