Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда авиация күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Кыргызстанда авиация күнү

7-октябрь - Кыргызстанда авиация күнү. Анын тарыхы 86 жыл мурда, Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому менен башталган. Бул күнү өлкө аймагына алгачкы жолу учакты финляндиялык Теодор Суопио кондурган. Ал Ю–13 учагын Бишкектин чок ортосуна 1927-жылы кондурган. Өлкөдөгү эң биринчи аэропорт Бишкектин четиндеги Папеновка айылында 1933-жылы түптөлгөн. Айыл чарба тармагын тейлеген үч У–2 учактары алгачкы кыргыз авиа бөлүмүнүн өзөгүн түзгөн. 

Ошол эле жылы Бишкек – Балыкчы – Каракол жана Бишкек – Ташкент – Алматы каттамдары ачылган. Советтер Союзундагы эң биринчи эмгек сиңирген учкуч наамын Ишенбай Абдраимов 1966-жылы алган. Республикадагы авиациянын демилгечиси, уюштуруучусу, жетекчиси жана эң биринчи кыргыз учкучу Абдраимов Кыргызстандагы 1-класс стандартындагы аба майданды курдурган. 

Ал өлкөнүн тоолуу аймактарына У–2, Ли–2 жана Ил–18 учактары менен алгачкылардан болуп жол салган. Өкмөт 1994-жылы “7-октябрь – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү” деп бекиткен. Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы аба майданы "Манас" эл аралык аэропорту. Аба майдан жергиликтүү жана эл аралык каттамдарды камсыздайт.