Түштүк Кореяда "Митаг" бороону 30дай кишинин өмүрүн алып кетти. Эки адам дайынсыз болууда. Адамдардын курмандыктары өлкөнүн Пусан, Пхохан, Ульджин шаарларында жана Сонжу, Ёндог, Самчхон жана Каннын уезддеринде катталган. 1 жарым миңдей адам тайфундун айынан үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.
Миңдеген социалдык объектилер бузулуп, жолдор менен көпүрөлөр жараксыз болуп калды. Белгилей кетсек, "Митаг" тайфуну Түштүк Кореяга Тынч океан тараптан 5 күн мурда келген. Ага чейин бороон түштүк чыгыш азиядагы бир нече өлкөлөрдүн инфратүзүмүнө зыян алып келген.