Жаңылыктар
Иракта өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланууда
Дүйнө
Иракта өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланууда

Иракта өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланууда. Митингге чыккандарды азыркы Ирак премьер-министри Адель Абдула Махдинин элдин үнүн уктум деген кайрылуусу да токтото алган жок. Жума күнү полиция Багдаддын көчөлөрүндөгү нааразылык акциясына чыккандарга ок чыгарууга аргасыз болду. Бир нече күндөн бери уланып жаткан митингде эл менен күч органдарынын кагылышуусунан 100дөн ашык адам каза болуп, дагы ошончо киши жаракат алышты. 

Ал эми Ирактын башка шаарларында да миндеген адам, өлкөдө киргизилген коменданттык саатка карабай көчөлөргө чыгышты. Адамдар бийликтен алардын жашоо шартын оңдоону, жумушсуздук менен коррупцияны жоюуну ошону менен өкмөттүн отставкасын талап кылууда. Бир катар провинцияларда эл жапырт акцияларга чыгып кетпеси үчүн интернет байланышы өчүрүлдү. 300дөн ашык адам кармалды. Каза болгон митингчилерди туугандары жерге беришти.