Жаңылыктар
Бишкекте стекинг оюну боюнча мелдеш өттү
Спорт
Бишкекте стекинг оюну боюнча мелдеш өттү

Телефон, планшет жана башка электрондук оюндардын ордуна стекинг оюуну. Спорттун бул түрү жаш балдардын ой-жүгүртүүсүн тездетип, ыкчам аракет көрүүсүнө жана кол менен көздүн иштешине өбөлгө болот. Оюндун дагы бир өзгөчөлүгү - аны үй-бүлө мүчөлөрү биргелешип ойносо болот. Мына ушундай өзгөчө жана кызыктуу мелдеш борбор калаада болуп өттү.

Стекинг - бул интеллектуалдык оюн. Айрыкча жаш балдардын акыл сезимин өстүрүүгө жардам берет. Эң кызыгы - бул оюнду 80 жашка чейинки улгайган адамдар да ойной алышат. Оюндун эрежеси өтө жөнөкөй. Болгону өзгөчө шөкөт менен жасалган 12 стаканды 3-3-3, 3-6-3 жана 1-10-1 категорияларында тез убакытта тизип топтоо шарт.

Адамдын инттелектуалдык деңгээлин көтөрүүгө багытталган Бишкектеги мелдештин эң жөнөкөй 3-3-3 категориясына Альбина апасы менен катышууга келген. Алар өтө жакшы даярдыкта жана байгелүү орунга илинүү ниетинде болушту.

Жөнөкөй желим стакандар менен ойнолчу спорттун бул түрү адамды ыкчамдуулукка, тез ойлонууга, кол менен көздүн айкалышуусуна жана мээнин тез иштөөсүнө жардам берет. Мелдеште Альперен
апасы менен ойноп, желим стакандарды тез эле тизип, биринчи орунга ээ болду.

Стекинг спортунун мекени АКШнын Колифорния штаты. Учурда дүйнөнүн 54 өлкөсүндө анын федерациясы түзүлгөн. Ал эми Борбор Азия боюнча Кыргызстанда биринчилерден болуп ачылган Спорт стекинг федерациясы 55-чи болуп катталды.

Келерки жылдын январь айында спорттун бул түрү боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт. Ага 57 мамлекеттин өкүлдөрү жана үч миңден ашык спортчу катышуусу күтүлүүдө. Чемпионатка катышууну каалагандар үчүн даярдоо мелдештери уюштурулуп турат.