Жаңылыктар
Баткен шаарында жүздөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө турак жайлуу болушту
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен шаарында жүздөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө турак жайлуу болушту

Турак жайлар "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү астында курулду. Бул максатта шаар аймагынан 3,5 гектар жер бөлүнүп берилген. 

Айнура Касымова кызынын оор турмушуна кабатыр болуп келген. Жолдошу каза болгондон тартып, 4 баласы менен калган кызы эми минтип бардык шарты бар 3 бөлмөлүү турак жайга ээ болгонуна кубанып турган чагы. 

Зарина сыяктуу 106 үй-бүлө жаңы конуштуу болду. Кувейттик демөөрчүлөр тарабынан курулган социалдык шаарча ичинде зарыл болгон муктаждыктар чечилген. Жалгыз бой аялдар үчүн тигүү, кондитердик азыктарды даярдоо цехтери, балдар үчүн спорт аянтчалар, бала бакча, медициналык тейлөө каралган. Жалпысынан 106 жалгыз бой эне жайгашкан шаарчага демөөрчүлөр 103 млн сом каражат сарптаган.

Кувейттик фонд тарабынан 4 айга жетпеген аралыкта 25 турак жай жана социалдык объектилер курулду. Ар бир үйгө 3 бөлмөлүү 4төн батир жайгашкан. Мындан сырткары 2 бөлмөлүү батирлер дагы 6 үй-бүлөгө берилди.