Жаңылыктар
Республика боюнча 1 млн 200 миң тоннадан ашуун көмүр казылып алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Республика боюнча 1 млн 200 миң тоннадан ашуун көмүр казылып алынды

Быйыл жалпы 2,5 миллион тоннага жакын катуу отун даярдалышы керек. Мындай көлөмдөгү кара алтын калктын керектөөсү жана жылуулук берүү борбору менен бюджеттик мекемелерге жумшалат. Бишкек шаарынын тургуну Урмат Кенжебеков көмүр алып, кыштын камын көрүүдө. Ал 5-6 жылдан бери Кара-Кече көмүрүн жагат. Анын айтымында, бул көмүр сапаттуу жана баасы дагы элдин капчыгына ылайыктуу. Кыргызстанда кампаларда көмүрдүн 10 го чукул түрү сатылып жатат. 

Бишкектеги соодагерлердин айтымында, көбүнчө Кара-Кеченин көмүрүнө талап жогору. Азырынча аба ырайы жылуу болуп, кардарлардын саны аз. "Кыргыз көмүр" ишканасынын өкүлдөрү ордо калаадагы көмүр кампаларында болуп, абал менен жеринен таанышты. 

Учурда Кара-Кечеде 200 миң тонна көмүр казылып алынып, алып кетүүгө даяр турат. "Кыргыз көмүр" ишканасы учурда көмүр баасы туруктуу экендигин айтты. От жагуу мезгилине карата көмүр өлкөнүн бардык аймактарына тегиз жеткирилип жаткандыгын кошумчалашты.