Жаңылыктар
Кувейт тарап аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2 социалдык шаарча курду
Кыргызстан жаңылыктары
Кувейт тарап аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2 социалдык шаарча курду

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан жана Кувейттин парламенттер аралык мамилелери талкууланды. Мамлекет башчы Кувейт менен болгон эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, аны мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. 

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтып, Кувейттин жетекчилигине Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем Мамлекет башчыга жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдардагы эки тараптуу мамилелердин ырааттуу өнүгүүсүн белгиледи. Мындан аркы жемиштүү кызматташууга, социалдык-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргызстанга инвестицияларды тартууга даярдыгын билдирди.

Кувейт тараптын жардамы менен Баткен облусундагы 106 жана Кемин районундагы 100 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык шаарча ачылган.