Жаңылыктар
Мигранттардын документке көңүл кош мамилелеринин кесепеттери
Мекендештер
Мигранттардын документке көңүл кош мамилелеринин кесепеттери

Россиядагы мигранттардын айрымдары, иштеп жаткан өлкөсүнүн миграциялык мыйзамдарына көңүл кош мамиле жасап, эрежелерди туура сактабайт. Документ текшере келгенде көпчүлүгүнүн паспорту жок, каттоо баракчасы жасалма болуп чыгат. Россиядагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борбордун жетекчилиги билдиргендей, Кыргызстандын жасалма паспорту менен жүргөндөр дагы кармалган.

Бек Каныбек уулу полиция тарабынан 2 ай мурда кармалган. Аны текшергенде жанында паспорту, каттоо баракчасы дагы болгон эмес. Ал Москвага 2015-жылы иштейм деп келген. 

Эки жыл мурда, белгисиз үч адам мени бычак менен коркутуп, капчыгым менен кошо документтеримди алып кетишкен, - дейт ал. 

Үйүнө акчасыз баргандан уялып, документтерин толуктап, кайра паспорт жасатып албай иштеп жүрө бергендигин моюнга алат. Бул жерде Бекке окшоп кармалгандардын өздүгү такталгыча, айлар өтөт. Укук коргоо органдары элчиликтер менен тыгыз кызматташат. Депортация болгон жарандардын туугандары же тааныштары, Россияга келе албай жатканын борборго чалып айтат. 

Териштире келгенде, миграциялык мыйзамды бузуп кармалган жаран өзүнүн эмес, таанышынын же тууганынын аты-жөнүн айтып койгон болуп чыгат. Борбордун кызматкерлеринин билдирүүсүндө, көпчүлүк эмгек мигранттар, документтеринин жарак мөөнөтүн убагында узартпай, жасалма каттоо баракчаларын сатып алып, көңүл кош мамиле жасайт.

Депортацияланган айрым жарандар, мекенине барганда фамилиясын алмаштырып, жаңы документ жасатып алып кайра Россияга келүүнү көздөйт. Бул жайда кыргыз паспортун жасатып алган Тажикстан менен Өзбекстандын да жарандары аз эмес. Мигранттарды бул жерде 10 күндөй кармашат. Бул убакыт аралыгында, жарандардын өздүгү такталып, өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим чыгарылат. 

Депортациялангандардын мекенине кетирүү чыгымын Россия мамлекети каржылайт. Бузган мыйзамына жараша кайра Россияга келүүгө, 3 жылдан 10 жылга чейин кирүүгө тыюу салынат. Ал эми анын төлөй турган айып пулу же карыздары болсо, төлөмөйүнчө өлкөдөн чыгарылбайт.