Жаңылыктар
Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун тандалмалар жыйнагынын бет ачары өттү
Маданият
Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун тандалмалар жыйнагынын бет ачары өттү

Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу, котормочу жана драматург Асан Жакшылыковдун 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык жыйында жазуучунун тандалмалар жыйнагынын беш томдугунун бет ачары болду.

Ошондой эле «Алтын доорго» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Асан Жакшылыковдун чыгармачылык жолу 1962-жылы башталган. Окурмандар аны акын, жазуучу, публицист, драматург, учкул ойчул катары билишет. Анын көптөгөн ырлары чет тилдерге которулуп, ондон ашык чыгармасы орус тилинде басылып чыккан жана жүздөгөн ырына обон чыгарылган.

Мен биринчи эле элге ыраазычылыгымды айткым келет. Анткени, адамдар болбосо менин чыгармаларым жаралмак эмес,- дейт Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асан Жакшылыков.