Жаңылыктар
Президент ШКУ саммитин өткөрүүгө активдүү катышкандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
УТРК жаңылыктары
Президент ШКУ саммитин өткөрүүгө активдүү катышкандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун Саммити дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү, — деп белгилеген президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине даярдык көрүү жана өткөрүүгө активдүү катышкан мекендештерибизди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. 

Президент мындай ири эл аралык иш-чараны өткөрүүдө кыргызстандыктар өз колдоосун көрсөтүшүп, биримдик жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтүшкөнүн белгиледи.

Элдин биримдиги эл аралык маанидеги саясий иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирем, — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Бүгүн президенттин колунан мамлекеттик сыйлыкты Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын режиссеру Жолдош Абдыбеков жана башкы оператор Алмаз Абдраимов алды. Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине даярдык көрүү жана өткөрүүдө КТРК командасы жана аталган кызматкерлер чоң жоопкерчиликте иш алып барышкан. 

Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон мекендештерибизди жана кесиптештерибизди сыйлыгы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайбыз.Эске салсак, Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынын даярдоого жана өткөрүүгө салым кошкондорду мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата кол койгон.