Жаңылыктар
Залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиев эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиев эскерилди

Кечээ, 5-майда Бишкектин Аларча көрүстөнүндө залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиев эскерилди. Чогулгандар маркумдун эстелигине гүл коюп, куран окулду . Андан соң акындын кыргыз эли үчүн жасап өткөн зор эмгектери жөнүндө сөз болду. Мындай иш-чара Эстебес Турсуналиевдин бүгүнкү туулган күнүнө карата уюштурулду. 

СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунда төрөлүп, 2005-жылы 74 жаш курагында каза болгон. Эстебес Турсуналиев - Калык, Осмонкул, Алымкул, Исмайыл сыяктуу кыргыздын оозеки чыгармачылыгынын залкарларынан таалим алып, сөз берметин жаадырган төкмө акын, чебер манасчы болгон. 

Кыргыз элинин төкмөлүк өнөрүн дүйнөгө тааныткан инсан Улуттук филармонияда “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобун уюштуруп, аны жетектөө менен кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган. Мындан тышкары “Эл шайырлары” фольклордук тобун уюштуруп, дүйнө кыдырган. 

Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга жакын чыгармачылык өмүрүн төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм”, "Кайыңды" аттуу китептерин жарыкка чыгарган. Мына ушундай кайталангыс талантка ээси Эстебес Турсуналиевди эскерүүгө келгендер, анын эмгеги эч качан унутта калбайт деп айтышты.