Жаңылыктар
Ишкерлерге мыкты шарт түзүү үчүн өлкөдө бизнести тейлөө борбору ачылат
Экономика
Ишкерлерге мыкты шарт түзүү үчүн  өлкөдө бизнести тейлөө борбору ачылат

2023-жылы Кыргызстан бизнести жүргүзүү боюнча алдыңкы 40 мамлекеттин катарына кириши керек. Мындан улам Өкмөт буга байланыштуу иштерди бир жыл мурда баштаган. Анын натыйжасында сырттан тартылган тикелей инвестициянын көлөмү быйылкы жылдын алты айында 60 %га көбөйдү. 

 



Мындай маалыматтар Өкмөттүн алдындагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин кезектеги отурумунда айтылды. Инвесторлорду тартып, ишкерлерге мыкты шарт түзүү үчүн жакында өлкөдө бизнести тейлөө борбору ачылганы турат. Ал эми ишкерлердин укугун коргоого ала турган бизнес-омбудсмен ишкер чөйрө менен тыгыз иш алып бара турганын билдирди. 



Ошол эле учурда туризмди өнүктүрүү үчүн 2025-жылга чейин визасыз тартип дагы 7 мамлекетке берилди ошондо баардыгы 52 мамлекет болду. Мындай демилгени көтөргөн депутат Дастан Бекешев транзиттик жүргүнчүлөр үчүн 5-10 күндүк кыска убакытка визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Эл өкүлүнүн бул пикирине Тышкы иштер министрлиги да макул. 


Мекеменин статс-катчысы Айбек Омокеев мындай тартип кирген мамлекеттердин саны 65ке чейин көбөйтүлүп жатканын билдирди. Ошол эле учурда үчүнчү мамлекетке же кайра кете турган билети бар транзиттик жүргүнчүлөргө кыска убакытка визасыз тартип киргизүү каралып жатканын кошумчалады.