Жаңылыктар
Өзгөн күрүчү - дүйнөдөгү эң мыкты күрүч
Экономика
Өзгөн күрүчү - дүйнөдөгү эң мыкты күрүч

Өзгөн күрүчү базарда быйыл 35-40 сомго кымбат сатылууда. Азыр аймакта күрүч оруу жыйынтыкталып, аны актоо иши жүрүп жаткан учур. Адистер, аталган дан өсүмдүгүнүн башка күрүчтөрдөн айырмачылыгы анын дал ушул акталуусунда дешет. 


Күрүч бышкандан акталганга чейин кеминде жети баскычтан өткөрүлөт. Күрүч өстүрүү жалаң кол эмгеги менен бүтө турган жумуш. Айдап-сээп, отогондо, оруп-жыйнап, жанчыганда жалаң кол эмгеги керектелет.


Түшүмдү татыктуу баада сатам деген дыйкандар эски салтты колдонуудан эринишпейт. Айтымдарында, күрүчтүн сапаттуулугу аны кургатуудан көз каранды.


Өзгөн күрүчү деп жалпылап айтылганы менен, дан түзүлүшү, даамы жана курамындагы заттары боюнча айырмаланат. Өзгөндө негизинен күрүчтүн 11 түрү бар. Мындагылардын басымдуу бөлүгү “кара кылтырык” жана “ак урук” сортторун өстүрөт. Бул эки сорт 2016-жылы республиканын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин Мамлекеттик реестрине катталган.

Өзгөн күрүчүн сатып алууну каалаган туруктуу кардарлар Корея, Иран, Орусия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери.