Жаңылыктар
Ат майдан менен тарых музейине байланыштуу коррупциялык иштер бирге каралууда
Коррупция
Ат майдан менен тарых музейине байланыштуу коррупциялык иштер бирге каралууда

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды куруу үчүн долбоордук документтер иш башталгандан кийин гана даярдала баштаган. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунда өткөн отурумда айтылды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен курулуш компаниясынын ортосунда 1 миллиард 460 миллион сомдук келишим түзүлгөн. 

Ат майданды куруу жана Бишкектеги улуттук тарых музейин оңдоого байланышкан коррупция боюнча иш бирге каралууда. Учурда күбөлөр көрсөтмө берип жатышат. Аталган эки ишке тең мурдагы премьер-министр Сапар Исаков айыпталууда. Ошондой эле, Тарых музейин реконструкциялоо боюнча териштирүүгө Президенттин аппаратынын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева да айыпталуучу катары катышууда.