Жаңылыктар
Кыргызстанда текшерүүгө зарыл азыктардын географиялык аянты кеңейди
Экономика
Кыргызстанда текшерүүгө зарыл азыктардын географиялык аянты кеңейди

Жыл сайын 1,5 млн. тонна карантиндик текшерүүгө тиешелүү азык Кыргызстандын аймагына кирет. Анын жарым-жартылайы фитосанитардык жактан кооптуулугу жогору өсүмдүктөр. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Ильич Марсбек уулу билдирди. 

Айтымында Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери эл аралык соода-сатыктын көлөмү өсүп, текшерүүгө зарыл азыктардын географиялык аянты кеңейди. Өлкөдө 15 фитосанитардык пункт ачылып, төрт облуста 4 лаборатория иштей баштады. Белгилей кетсек, карантиндик өсүмдүктөргө буудай, жашылча жана мөмө жемиштер, үрөн кирет.

"Фитосанитардык текшерүүнүн мааниси чоң. Бүгүнкү күндө экспортко негизинен жашылча жемиш кетип жатат",- деди Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу.