Жаңылыктар
“Лион” футбол клубунун машыктыруучусу Силвиньо кызматтан кетерин билдирди
Спорт
“Лион” футбол клубунун машыктыруучусу Силвиньо кызматтан кетерин билдирди

Франциянын “Лион” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Силвиньо отставкага кетерин билдирди. Эми мындан кийин клубдун спортчуларын Жеральд Батикль машыктырат. Ал эми анын жардамчысы катары “Лиондун” директору Жуниньо Пернамбу дайындалат. 

Эске салсак, Силвиньо ушул жылдын май айында келген. 45 жаштагы машыктыруучунун астында “Лион” клубу Франция чемпионатында 14-орунда келе жатат. Алар тогуз оюн өткөрүп тогуз упай топтоого жетишкен. Ал эми чемпиондор лигасында 2-орунда. Акыркы жолу Санкт-Петербург шаарынын “Зенит” курамасы менен беттешип, жыйынтыганда тең чыккан. Европанын футбол ассоциациясы союзунун мурдагы президенти Мишель Платиниге коюлган чектөөлөрдүн мөөнөтү аяктады.