Жаңылыктар
Түп районунда жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Түп районунда жер титирөө катталды

9-октябрда түнкү саат 03:50 чамасында Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Шаты, Түп жана Кең-Суу айылдарындагы күчү 3 баллга чейин жеткен. 

Ал эми Казакстандын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга чейин жетти. Кыргызстандын аймагында жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.