Жаңылыктар
Жүк ташуудагы тоскоолдуктарды жоюулат
Экономика
Жүк ташуудагы тоскоолдуктарды жоюулат

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия транспорт, экспедиция жана логистика уюму менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында айтылат. 

Документтин максаты — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда транспорттук кызматтар рыногун түзүп, биримдиктеги унаа кызматтарына байланыштуу тоскоолдуктарды жок кылуу.

Бирдиктүү транспорттук рынок түзүлсө, ЕАЭБ ичинде жүк ташуу, ишкерлик кылуу бир топ жеңилдеп, ар кандай төлөмдөрдүн көлөмү кескин кыскарат, — деп айтылат билдирүүдө.

Евразия транспорт, экспедиция жана логистика уюму 2012-жылы транспорттук көйгөйлөрдү жөнгө салуу максатында түзүлгөн. Ушул тапта ЕАЭБдин курамында Армения, Беларусия, Кыргызстан, Казакстан жана Россия бар.