Жаңылыктар
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 780 миң сомдук жүзүм кармалды
Кылмыш
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 780 миң сомдук жүзүм кармалды

ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 780 миң сомго бааланган жүзүм Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Маалым болгондой, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан облуста Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы жүк ташыган унаа чиркегичи менен токтотулуп текшерилген. 

Ал транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан товар табылган. Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБ аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.