Жаңылыктар
Бүгүн Бишкек-Ош ички аба каттамдары үзгүлтүккө учурады
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бишкек-Ош ички аба каттамдары үзгүлтүккө учурады

Бүгүн Бишкектен Ош шаарына барып, кайра келе турган алты каттам учпай калды. Ички каттамдардын аткарылбай калуусу техникалык себептерге байланыштуу экенин "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

"Air Manas" компаниясынын учактары Бишкектен 7:35те учуп чыкмак жана Оштон 9:50дө учуп келмек. Ошондой эле, Бишкектен 12:00дө учак учуп, Оштон 13:50дө учуп келмек. Дагы Бишкектен 19:00дө учуп, Оштон 18:10до кайтуучу рейстер аткарылбай калды.