Жаңылыктар
«Достук» чек ара бекетинде жүргүнчүлөр менен жүктүн көлөмү көбөйдү
Чек ара
«Достук» чек ара бекетинде жүргүнчүлөр менен жүктүн көлөмү көбөйдү

Ош - Анжиян автобустук каттамы ачылгандан бери кыргыз-өзбек «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан өткөн жүргүнчүлөр менен жүктүн көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган чек ара бекетинен 18 миңге чукул киши өтүүдө. Ал эми дем алыш күндөрү чек арадан өткөндөрдүн саны 24 миңге чамалайт. Адамдардын саны көбөйгөнүнөн улам, чек арада паспорт текшерген 11 кабина иштей баштады. Алардын үчөө Ош - Анжиян жана Анжиян - Ош каттамындагы автобуста бара жаткандарды тейлейт.