Жаңылыктар
Жеңишке таазим
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңишке таазим

Кыргызстандын баардык аймактарында Жеңиш майрамынын урматына карата түрдүү иш-чаралар өтүп жатат. Бүгүн Бишкекте жаштар тарабынан “Жеңиш вальсы” акциясы уюштурулду. 

Бий флеш-мобуна студенттер, музыкалык окуу жайлардын талантуу тарбиялануучулары, аскердик окуу жайдын курсанттары жана медицина тармагында иштеген жаш дарыгерлер катышты. Чогулган келечек муун өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы өчпөс өткө гүл коюп, эскерүү мүнөтү жарыяланып, андан соң согуш жылдарындагы ырлар жаңырды. 

Аны менен бирге ошол жылдардагы кийимдерди кийип, даярданган жаштар вальска түштү. Акция өлкөлөрдүн, элдин, муундардын биримдигинин символу катары быйыл экинчи ирет уюшулуп отурат.