Жаңылыктар
Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит ишкерлер менен тыгыз кызматташууга даяр
Экономика
Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит ишкерлер менен тыгыз кызматташууга даяр

Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлер менен тыгыз жана ак дилден кызматташат. Бул туурасында ал Өкмөттө бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Смит Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп иштегендиктен бул багытты жакшы биле турганын айтты.

Мен өз  милдеттеримди аткарууга кирише турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бизнес структуралар менен тыгыз иштешем. Өлкөдө бизнес-структуранын чоң  тажрыйбасы жана көптөгөн таланттуу адамдар бар. Биз өкмөттүн инвестиция жана  бизнес тармагын жакшыртууга жасаган аракеттерин толугу менен колдойбуз,- деди Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит. 

Белгилей кетсек, Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам, Бизнес-акыйкатчы болуп дайындалган.

Тиешелүү буйрукка үстүбүздөгү жылдын 15- августунда Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

53 жаштагы Орд-Смит Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген. Элчиликтен кетип, Бизнес-акыйкатчы болгонго чейин Кыргызстанда жашаган.

                                                                                                                                         Н. Молдокулова.